Menu

Урмат Самаев, “Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты: “Канатбек Исаев парламенттик шайлоого даярдыкты баштады”

Бөлүшүү:

Бу эл өкүлү парламенттеги ашынган активист депутат болбосо дагы, маал-маалы менен социалдык тармактардагы көйгөйлөр, ага удаа кичи мекениндеги түйүн болуп чечилбей келе жаткан маселелерди көтөрүп калмайы бар. Биз бул сапар анын саясаттагы устаты Канатбек Исаевдин тегерегинде баарлаштык.

-Урмат мырза, алдыдагы парламенттик шайлоого лидериңиз Канатбек Исаев өзүнчө топ түзүп, шымалана даярдык көрүүгө өткөнү сөз болууда. Чүй лидеринин «өздүк кадры» катары бул жагынан кандай ой айта аласыз?

– Канатбек Кедейканович лидер болгон соң, болгондо да элибиздин өзөктүү, данеги бар тыңчыкмасы катары алдыдагы парламенттик шайлоого даярданып жатса керек. Азыр жеке эле Канатбек Кедейканович эмес, өлкөдөгү баардык баш көтөргөн, дымактуу саясый күчтөр алдыдагы парламентгик шайлоого камынып жатышат. Бул эми саясый күрөшкө болгон алдыртан байкалган тактикалар эмеспи. Кудай буюрса, биздин кубаттуу «Кыргызстан» партиясы дагы жарышка катышуу өнөктүгүн баштайт. 2020-жылда лидерибиз Канатбек мырза дагы саясый күрөшкө өзүнүн партиясын алып чыкса керек. Ал киши да азыр акырындан даярдыкгы баштады.

– Эгерде Канатбек Исаев Шакисиз (алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов) өзүнчө топ түзсө, жарыштан алдыга озуп, элдин колдоосун алганга жетишеби?

– Калыгул, дайыма ушундай интригадан кеп козгойсуң. Сен азыр «Шаршенбек Шайлообекович менен Канатбек Кедейкановичтин кимиси утат?» дегендей кылып, интригадан кеп козгоп жатпайсыңбы…

– Реалдуу эле суроо бергеним, интригасы жок эле…

– Ошондой эле, сөздөрүң какшык аралаш. Сени билем да, Каке! Азыр эми «тигил же бул күчтүү» деп айтканыбыз эртерээк болуп калат. Көзү ачыктык кылгандын кереги жок. Чынында, экөө тең күчтүү лидерлер. Муну моюнга алуу керек. Аталган эки лидер парламенттик жарышка өз алдынча барган күндө дагы, экөө тең бери дегенде эң кеминде командасындагы талапкерлерден парламентке 15тен кем эмес эл өкүлү менен келишет.

Маектешкен: Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия news

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: