Menu

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын эки Кореянын чек арасында жолугушту

Бөлүшүү:

Жекшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эки Кореянын чек арасында жолугушуп, демилитаризацияланган аймакта кол алышты.

Ким менен чогу Түндүк Кореянын аймагына символикалык кадам таштаган Трамп ал үчүн бул «чоң сыймык» экенин айтты. Трамп кызматта турганда Түндүк Кореянын аймагына өткөн АКШнын алгачкы президенти болуп калды.

АКШнын президенти жолугушууну «бүткүл дүйнө үчүн улуу күн» деп атап, аны менен Түндүк Кореянын лидеринин ортосунда достук байланыш түзүлүп атканын белгиледи. Ал Ким Чен Ынды Вашингтонго чакырды. Өз кезегинде Түндүк Кореянын лидери Трамп Пхеньянга барса кубанычта болорун айтты.

Жолугушуудан кийин лидерлердин сүйлөшүүсү Түштүк Кореянын аймагында уланды. Сүйлөшүүнүн кайсы бир бөлүгүндө аларга Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да кошулду.

Бул Трамп менен Кимдин үчүнчү жолугушуусу. Америкалык тарап жолугушууну Корей жарым аралын өзөктүк куралы жок аймакка айлантуу боюнча сүйлөшүүлөргө оң таасирин тийгизет деп үмүт кылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: