Menu

Хабаровскидеги окуя боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Орусиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган учурда билдирген. Кеңешчи Тышкы иштер министрлигине 16-декабрда чакыртылган. ​

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык айдоочулардын орусиялык тартип коргоочулар тарабынан сабалганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, Кыргызстандын жарандарына кызмат абалынан пайдаланып күч колдонуп, мыйзамга каршы мамиле кылган окуяны сынга алды. Кыргыз тарап буга байланыштуу ишти калыс иликтөөнү камсыз кылууну жана кыргызстандыктарды ур-токмокко алгандарга катуу чараларды көрүүгө чакырды.

Хабаровскиде иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганын айтып арызданышкан. «Эркин Европага» кайрылгандар 80 чакты кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, 3-4 саат бою ур-токмокко алганын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: