Кечээги шайлоонун өтүп жатканын көрүп, өтө ызаландым жана жийиркендим. Кыргызым, биз ушундай эл белек? Добушун саткан, кайсы бир көпөстөрдүн арам акчасына муктаж болгон жана балдарыбыздын келечегине балта чапкан эл белек?
Бийлик мамлекетибиздин жана элибиздин тагдырын эки төнкөрүштөн кийин элдин эсебинен байыган, арам акчасына чиренген айрым бир партиялардын “добуш сатып” алуу менен бийликке келип, кыргыздын духун майрып, эркин мокотуп, кыргызды чачыранды абалга алып келип тим болбостон, ачык айрым кемсинткени өтө каттуу жан дүйнөмү кейитти.
Бүтүндөй духу күчтүү кыргыз улутунун добушун сатып алуу жоругу, улуу кыргыз элин түп тамыры менен жок кылууга алып бара жаткан өтө кооптуу ыплас саясатты кыргыз, өзүң токтот! Дагы бир жолу кайталап коёоюн, кеч болуп кала электе кыргыз улутуңду жана мамлекетиңди өзүң сактап кал!
Жылдыз Жолдошова, КР ЖКнын экс-депутаты, Курманжан датка фондунун төрайымы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ