Menu

Канат Исаев, “Кыргызстан” фракциясынын лидери: “Мыйзам бузуу фактылары аныкталса деле кытайлар тоготкон жок”

Бөлүшүү:

Чүйдүн чыйрак лидери дайыма адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келет. Бу саам “ат жалында” маектешип, учкай суроолорубузга жооп алдык.

 –Балыкчы-Корумду жолу боюнча мыйзам бузуулар болгонун башында сиз айтып чыккансыз. Ал боюнча кийин кылмыш иши козголду, бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок. Мунун аягы эмне менен бүтөт деп ойлойсуз?

–Биринчиден, Жогорку Кеңештин комиссиясынын жыйынтыгы менен докладга чыкканда бул боюнча терең анализ кылып айтып кеткем. Одоно мыйзам бузуу фактылары эле ондон ашык болгон. Комиссиянын негизинде тендерди жокко чыгарып, атамекендик фирмаларга бергенде, биринчиден, пара берген кытайлар “акчабызды кайра бергиле” деп берген кишилерден доолай башташмак. Экинчиден, бюджет утмак. Тилекке каршы, “жаңы тендер өткөнчө жолдор даяр болбой, Көчмөндөр оюнун тиешелүү деңгээлде өткөрө албай калабыз” деген шылтоо менен өкмөт тендерди жокко чыгарган жок. Кылмыш ишин иликтөө учурунда тоскоолдуктар жаралууда. Анткени, кытайлар берген учурда да “бердик” деп айтмак беле? Бирок, парадан тышкары деле өкмөт токтомун токуп атканда мыйзам бузуу фактылары болгон. Юстиция министри сөзсүз макулдугун бериш керек болчу, алардын каршы пикирине карабастан, өкмөт токтом кабыл алган. Каражат булагы аныкталган эмес, бир миллиарддан ашык сомго арзаныраак берген кыргыз фирмаларга бербей, кытай фирмасына берген. Тилекке каршы, ушундай мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда деле кытайлар тендерди аягына чейин ишке ашырып жатышат.

–“Сариев жардамчысы аркылуу 6 млн. доллар пара алган” деген сөздөр эл арасында, ЖМКларда айтылып келатат. Бирок, анын учугу жок. Ал сөз кайдан чыккан деп ойлойсуз?

–“Тиги жумуштан түшөт экен” деп алдын ала айтылса эле кийин чын эле ошондой болуп калып атпайбы. “Баланча көтөрүлөт” десе бир-эки айдан кийин көтөрүлүп кетет. Кыргыздар өзү аз эл экенбиз, “кыңыр иш кырк жылда” дегендей, маалымат өзү эле ачыкка чыгат экен. Анын сыңарындай, бул эл оозундагы сөз. Бирок, атайын кызматтардын да бул боюнча кандайдыр бир маалыматтары бар болчу.

–“Кыргызстан” фракциясы окуу жылын 1-сентябрдан эмес, 15-20-сентябрдан баштоо боюнча демилге көтөрүп жатасыздар. Буга кандай зарылчылык бар эле?

–Биринчиден, Кыргызстанда кайсы гана өкмөт келбесин “артыкчылык багыттардын бири туризм” деп айтат. Туризмдин эң чоң бөлүгү – бул Ысык-Көл деп түшүнөбүз. Бирок, тилекке каршы, Көлдөгү эс алуу мезгили өтө кыска. Июндун он бешинен августка чейин эле. Бир жыл күтүп, бир жарым-эки ай эле иштешет. Кеткен чыгымын актаганга да үлгүрбөй калышат. Августтун аягынан баштап ата-энелердин баары “балдарды мектепке даярдайбыз, кийинтебиз, китеп-ситебин алып беребиз” деп кетишет. Быйыл Көчмөндөр оюну мезгилинде өзүңөр көрдүңөр, күн тийип, аба ырайы абдан жылуу болуп турду. Эс алуучулар гана жок. Эгер каникул 15-сентябрга чейин узартылса, Ысык-Көлдүн бүт эс алуучу жайларына жакшы болот, эс алуучу мезгил он беш күнгө узарат. Эл “балдарыбызды мектепке алып барат элек” деп шашпай калат. Экинчиден, Көчмөндөр оюну ар эки жыл сайын Кыргызстанда өтөт да. Балдары мектепке баргандыгына байланыштуу көп кишилер Көчмөндөр оюнуна да бара албай калышты. Эгер каникул узарса балдарын ээрчитип алып барып көргөнгө мүмкүнчүлүк алышат эле. Билим берүү министри “бул окуунун сапатына таасир этет” дейт. Мына, баарыбыз эле айылда окуганбыз. Алма терилип, төөбуурчак жыйналып атса, ата-энелер балдарын мектепке жибербей калышат. Алыскы жайлоолорго кеткен малчылардын балдары ата-энеси тоодо болуп, мектепке убагында келбей калышат экен. Кээде ата-энелер “балам мектепке барсын” деп малын эртерээк айдап түшкөн учурлар болот. Окуу жылы он-он беш күн кечирээк башталса, балдар да программадан артта калбайт эле. Бул билимдин сапатына да оң жагынан таасир этмек. Эс алуучу жайлар ири салык төлөөчүлөр болуп эсептелет. Андыктан, бул экономикага да эч терс таасир этпейт. Окуу программасын өзгөртүү талап кылынбайт. 23-майдан кийин эле окубайт балдар. Ошону бир-эки жумага жылдырып, эч кыйынчылыгы жок эле бул маселени чечсе болот. Бирок, ошол эле учурда 15-20 күн Көлдүн пансионаттары үчүн чоң утуш болот эле. Биз пансионаттардын жетекчилери, эс алуучулар менен сүйлөшсөк, баары эле “жакшы болот эле” деп сүйүнүп атышат.

–“Кыргызстан” партиясы шайлоодо убада кылганын кантебиз? “Жаңы төрөлгөн балдарга карата убада кылган сүйүнчү пулду 50 миң сомго көтөрүү демилгесин аткарбай жатат” деген да сөздөр чыгууда…

–Ооба, биз ошондой демилге көтөргөнбүз. Себеби, ар бир элдин байлыгы – бул алтын эмес, көмүр, мунай эмес, элдин өзү. “Төрөлгөн балдарга, ата-энелерге шарт болсо, сүйүнчү пул берилсе, кийим-кечеге, тамак-ашына жетиштүү болсо” деген ой менен ошондой демилгени көтөргөнбүз. Тилекке каршы, бюджетти 23 млрд. сом дефицит менен кабыл алдык. Сариевдин өкмөтү да, азыркы Жээнбековдун өкмөтү да шайланаарда “жок дегенде этап-этабы менен кабыл алалы” деп айтсак, экөө тең макул болгон. Бирок, азырынча бюджет тартыш болуп жатат.

–Асыл тукум жылкылардын каттоосун жөнгө салуу боюнча да демилге көтөрдүңүздөр окшойт…

–Бул да экономикага чоң салым кошот эле. Анткени, кээ бирөөлөр сырттан 100 миң долларлык айгырларды, 50 миң долларлык бээлерди алып келишет. Экөөнү кошуп төл алсаң, анын документи жок. Документсиз сатканда ал жылкы чоң акча болбойт. Атүгүл Россияга да сата албайсың. Сатмак түгүл паспорту жок чет өлкөлөргө барып, ат чабышка да кошо албайсың. Кыргыз эли ата-бабалардан бери саяпкерчиликке жөндөмдүү, саяпкерчилик биздин каныбызда бар. Мындан сырткары жер шарты да абдан ыңгайлуу. Бирок, жөнгө салынбаганы үчүн бул тармак артта калып калды. Эгер бул маселе чечилсе, балким, чет элдиктер да Кыргызстанга келип, жылкы бакканга умтулушмак.

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: