Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда Ташкентке иш сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Каримов Атамбаевди жылуу тосуп алып, ШКУ саммитине жеке катышуусу үчүн ыраазылык айтты. Өз кезегинде Атамбаев меймандостугу үчүн ыраазылыгын билдирип, ШКУ саммитинин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.
Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты, өлкөлөр арасында экономикалык кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүн жана саясый диалогду жандандыруу зарылдыгын белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ