Биздин коомдо аты бар, заты жок жетекчи сөрөйлөр оголе көп. Алсак, Кыргыз Республикасынын Адилет министри Марат Жаманкуловдун министр деген эле аты болбосо, кыйратып иш алып барганын көрө элекпиз. Келген кагаздарга кол коюп койгонуна кубанып олтурат. Укук талаасында, мыйзам алкагында алкоого алаарлык демилге көтөргөнүн көрө элекпиз. Акыркы кездерде министр катары жыйындарга эле катышканын көрбөсөк, башка жерден көрбөй калдык.
Башкасын айтпаганда дагы мамлекеттик чоң жетекчилик кызматты аркалап олтурган «балконский» министр Жаманкуловдун кыргыз тилин кыйратып билбегени, эне тилинде эжелеп араң сүйлөгөнү боюнча айтып атып тилибиз тешилди. Бул боюнча өз пикирин билели деп бир эмес, бир нече ирет байланышкан аракетибизден майнап чыккан жок. Кыргыз болуп туруп кыргыз тилин үйрөнө албаган министрдин бизге кереги барбы?
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ