Menu

Майнапсыз корогон каражаттар

Бөлүшүү:

«Электр станциялары» ишканасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кытайлык гранттын эсебинен сатылып алынган эмеректердин тизмеси менен тааныштырды. Бул тууралуу парламенттик комиссиянын жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, бардыгы болуп эмерек сатып алууга 200 миң доллар сарпталган. Айлануучу отургучтардын бир даанасы 116 доллардан тартып, 203 долларга чейин сатылып алынса, 326 долларга китеп текчелери сатылып алынган. Ал эми үстөлдөрдүн бир даанасы 130 доллардан, айрымдары 36-81 доллардан алынган. Столдордун наркы 146-116 долларды түзгөн. Эмеректердин көпчүлүгү Бишкек электр жылуулук борборуна коюлган. Тактап айтканда ишканага 110 айланма отургучтар, 85 стол, 115 китеп текчеси, 570 үстөл сатылып алынган. Эскерте кетсек, ТВЕА ишканасы Бишкек жылуулук борборун 386 мил­лион долларга модернизациялаган. Андан тышкары 20.3 миллион долларды грант эсебинде эмеректерди, жабдыктарды сатып алууга жана мектеп курууга болгон.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: