Menu

Жаңы тандем Кыргызстанды кайда алпарат?

Бөлүшүү:

– Төрөбаев менен Бабанов максаттары бир болгон үчүн бириктиби же  “төртилтиктен” колдоо таппаганы үчүн Төрөбаев аргасыз ушундай кадамга бардыбы?

Самат Алиев, коомдук ишмер: “Бабанов менен Төрөбаевдин тандеми бул саясий прагматикалык кадам ”

– “Төртилтик” таркаганга чейин эле мындай сөздөр эл арасында жүрүп жаткан. Негизи Бабанов рейтинги жана саясий салмагы жагынан бүгүнкү бийликтин мураскери менен атаандашууга жалгыз талапкер экенин баардыгы эле билип турат. Бабанов менен Төрөбаевдин тандеми бул саясий  прагматикалык кадам десек жаңылышбайбыз.

Шайырбек Маматокторов, журналист: “Бабанов өзүнүн позицияларын бир топ бекемдеп  алды”

– Бабанов менен Төрөбаевдин биригүүсү максаттары биргеликтен же “төртилтиктен майнап чыкпагандан” деп айтуудан алысмын. Биригүү, чындыгында саясий көз караштардан улам болду го дейм. Азыркы бийликке оппозициялык көз караштагы саясий күчтөр бир тарап болгону туура. Ал экөөнөн сырткары, Мадумаров сыяктуу олуттуу күч да ушул бирикмеде. Кара-Кулжага эң  жакын бул Өзгөн району. Мадумаров бийликтин талапкерине каршы Каракулжа, Өзгөн  аймактарында олутту атаандаш. Демек, Бабанов өзүнүн позицияларын бир топ бекемдеп алды.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Саясатчы ар дайым компромисске даяр болуусу ылаазым”

– Саясатта биригүү жакшы кадам. Саясатчы ар дайым компромисске даяр болуусу ылаазым. Бул биригүүгө менин оюм түз.

Тимур Саралаев, “Жаңы муун” саясий кыймылынын өкүлү: “Эртеби же кечпи мындай биригүү болмок”

– Бабанов менен Төрөбаевдин учурдагы тандеми мыйзам ченемдүү жана логикалуу көрүнүш. Мындай кадамга алар баары бир келишмек. Анткени, экөөндө тең колунда парламенттеги фракциялары бар. Маанилүү жана олуттуу чечим чыгарууга ал жактан дагы таасир эте алышат. Ошондуктан азыркы тапта “алардын максаттары бир”- деп, жаңылышпай айтса болот. Эртеби же кечпи мындай биригүү болмок. Буга таң калбай деле койсо болот. Ал эми “аргасыз” деген ой боюнча, мен ага кошула албайм. Анткени, Өмүрбек Токтогулович жана Бакыт Эргешович дагы салыштырмалуу жаш лидерлер, өзгөчө Бакыт мырза жогорулап келе жаткан келечеги кең  салмактуу саясий фигура. Ошондуктан бул эффективдүү тандем десе болот. Өзгөчө аймактык конткестте алып караганда коомчулуктун бир тобун ынаандырганга жол ачып, башка атаандаштарга чоң шайлоодо чоң жолтоо болушат. Алардан кичүү муундун өкүлү катары, сиздердин гезит аркылуу бир эле нерсени өтүнүп кетет элем – оор шартуу, көп кырдуу саясий сазда мырзачылык сөзгө бекем болуусун. Бекем болуп, аягына чейин тура алышса биздин муун дагы аларды колдоп кетет.

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Буларда ыйык нерсе жок”

– Булар саясатта анча быша элек, туруктуу позициясы жок, бир кырдан, экинчи кырга секире бере турган, ойкума-кайкыма саясатчылар. Булар 5-6 жыл мурун бир партия түзүшүп, жыйынтыгында бир партияга батпай, 5-6га бөлүнүп, бири-бирин көрө албай ушакташып, эки башка жолго түшүшкөн. Өкүнүчтүүсү, буларда ыйык нерсе жок. Ал нерсе булардын принциби жок дегенди билдирет. Кыскасы, булардын кадамы мени ого бетер иренжитти. Бир партияга батпай чабышкан саясатчылар алар айткандай бири президент, бири премьер болсо, анда мамлекетти экиге бөлүп  алып чабыштырышат. Булар бул кадамды эптеп бийлик менен байлыкка мансапка жетейин деп жасап жатышат.

Бактыбек Калмаматов, экс-депутат: “Бул биригүү жеке кызыкчылыкка негизделген”

– Булар бир чөйрөнүн балдары. Бизнестен келген жигиттер. Демек, жалпы кызыкчылыктары бир. Биригүүлөр жеке кызыкчылыктарга негизделген. Аны өздөрү да жашырган жок. Жада калса  лозунг кылып алышты. Жээнбеков, Сариев, Бабановдордон башкалары тигил же бул талапкерге кошулуу максаты шайлоого чейин эле байкалып турган.

Эмилбек Момунов, журналист: “Эки саясатчы кандай гана болбосун бийликке жетүүнү көздөшүүдө” 

– Сыягы, алдыдагы президенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы дагы бир өтө ыплас жана таза эмес шайлоолордун бири болуп калат окшойт. Анткени добуш берүү күнү жакындаган сайын өзүнө ишенбеген талапкерлер бири-бири менен биригишип, ич ара соодалашууга өтүп жатышат. Эгер алар өздөрүнө ишенбесе, анда башында эле элди дүрбөтүп, шайлоого катышпаш керек болчу. Ал эми Бабанов менен Төрөбаевдин биригиши, бул эки саясатчы жеке кызыкчылыгы үчүн керек учурда биригип, кайра ажыраша бере тургандыктарын далилдеп коюшту. Анткени булар мурда “Республика” партиясын түзүшүп, кийин жеке амбицияларынын бийиктигинен ажырашып кетишкен.

Максатбек Казакбаев, активист: “Экөөнө Мадумаров менен Бекназаров кошулса бийликти аңтарып түшө турган чоң күчкө айланат”

– Төрөбаев Бабановго аргасыздан бирикти. Буга чейин да Мадумаров, Ташиев жана башка саясатчыларга бириккенге аргасыз болгон. Эми “мындан ары экөөнүн максаттары бир болуп, элге-жерге кызмат кылат”- деп ишенүүгө аргасызбыз. Себеби, бир да талапкер тилекке каршы, президенттик такка татыктуу эмес. Баса, эми экөөнө Мадумаров менен Бекназаров кошулса, “бийликти аңтарып түшө турган чоң күчкө айланат”- деген да кептер ачыкка чыга баштады. Ал эми Сариев менен Ташиев Жээнбеков тарапка кошулаары айтыла баштады.

Назира Айтбекова, теле алып баруучу:  “Даңк, майлуу – сүттүү орун, кекиртек далай жерге секиртип, далай башты аттатат”

– Эми сокур кишиге деле белгилүү го дейм. Азыр максаты, планы деген нерсе маанилүү эмес. Ким күчтүү болсо, жанашмай, учкашмай. Даңк, майлуу-сүттүү орун, кекиртек далай жерге секиртип, далай башты аттатат. Өзгөчө саясатта. Бабановдо президент болуп калуу мүмкүнчүлүгү чоң. Менин божомолумда шайлоого жакындап калганда Бабановго дагы биригишет.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: