Өлкөбүздө бийликке каш кайтарган бир катар саясатчылар катар-катары менен 10 жылдан кем эмес жаза алып, сөз эркиндигин, адилеттүүлүктү жактаган эркин басылмалар менен активисттерге укурук ыргытылып жатса, өлкөбүздүн башкы акыйкатчысы Кубат Оторбаев коңулга башын каткандай, биздин суроолорубузга жооп бериштен тайсалдап жатканы кандай? Акыйкатчы мындай шартта эл алдында адилеттүү пикирин айтып чыгышы керек эле да, чынбы? Адам укугу чым астында басырылып жатканда чыркыраган чындыкты Оторбаев айтса болбойт беле? Турсунбек Акун кеткени бу кызматтын да багы ачылбас болду. Кандай пикир айтсак да Тукеден өтөрү жок окшойт.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ