Menu

Муфтияттын өкүлдөрү Ош жергесиндеги диний окуу жайлардын ал абалдарын жеринде текшерүүдө

Бөлүшүү:

Ош шаарынын Сулайман-Тоо мечитинин жыйындар залында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана Муфтияттын окуу бөлүмүнүн, КМДБнын юрсити  баш болгон комиссия мүчөлөрү Ош облусундагы жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардын алып барып жаткан иштери, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана билим берүү сапатынын жакшырышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Муну менен катар аталган комиссия мүчөлөрү имамдардын отчету жана аралдын бирдиктүү иш планынын аткарылышы боюнча көрсөтмө беришти.

‌Жыйында Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары жана анын аппараты, райондун баш имам хатибтери,  диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышып, анда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан жолдонгон отчетунун  формасы кенен түшүндүрүлүп, диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө тез арада отчеттун жыйынтыгын тапшыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле диний окуу жайлардын кыш мезгилине болгон даярдыктары жана мечиттердин каттоосу туурасындагы маселелер талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: