Президенттик шайлоодо негизги талапкердин бири болгон Өмүрбек Бабанов бийликтен катуу ык көрүп, кайсыл тарапка ооп кетүүнү аныктай албай турган кези. Батасын берип, аламан байгеге аттандырган кожосу отко кызыган темирди бир жерине басам деп чыккандан соң абал таптакыр башка өңүткө бурулду. Партиялаштарынын арасында лидерине ичи чыкпагандар көбөйдү. Шайлоодо шаштысын кетирген Зарылбек Рысалиев жанына жакын барып олтурду. Ал дагы баш оорутчу бир маселеге айланары бышык. Президент акыркы кездери жалаң Бабановдун жердештерин жогорку кызматтарга көтөрүп, 85 пайыз Талас эли колдогон Бабановду алсыратуунун үстүндө иштеп жаткандай болууда. Мындай күчтүү кадамга Өмүке да татыктуу жооп берүүсү керек. Алсыздыгын көрсөтсө көпкө чейин өзүнө келе албай турган сокку жеши турган иш.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ