Menu

Эл өкүлдөрү Ош-Бишкек авибилетинин баасы кымбат болуп, карапайым эл кыйналып жатканын айтып чыгышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында социалдык-экономикалык көйгөйлөр аткаруу бийлигине багытталды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек-Ош авиакаттамынын баасы 4000 сомго чыгып, элге кыйынчылык жаралып жатканын депутат Калдарбек Баймуратов ортого салды. Ал рейстердин саны көбөйсө билет баалары арзандайт эле дейт.

Депутат Мирлан Бакиров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы узундугу 1 чакырымды түзгөн Базар-Коргон – Кара-Үңкүр жолу битум жоктугу шылтоолонуп, токтоп тургандыгын сынга алды.

Депутат Тазабек Икрамов диний мекемелерди коммерциялык уюм болбогондон кийин электр кубатына болгон төлөмдөрдү төлөөдө аларды өнөржай категориясынан чыгаруу зарыл деп, протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Депутат Дастан Бекешев 15-октябрда таза шайлоо болгондугун, ошол эле маалда добуш сатуу башкы көйгөйгө айланганын айтып, добуш сатуу көрүнүшүнө каршы күрөшүүнү сунуш кылды.

Депутат Алмазбек Акматов бир аптадан бери иш ордунан таптырбаган КР Каржы министринин орун басары Алмазбек Бакетаевдин ээлеген кызматына кылган жоопкерчилигин карап көрүүнү Өкмөткө багыттады.

Республика аймагындагы чакан шаарларды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган программа иштеп жатабы деген суроону койгон депутат Алмазбек Эргешов Жалал-Абад облусунун Кербен шаарын мисалга тартты.

Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын шарттагы айылдарда жашагандарга каралган компенсациялар боюнча мыйзам бар. Депутат Эмил Токтошев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу зонасындагы Күйөө-Таш айылында бул мыйзамдын чегинде пенсия, жөлөкпулдар толук өлчөмдө алынбай жатканын билдирди.

“Эл өкүлдөрү тарабынын аткаруу бийлигине көптөгөн суроо-талаптар жолдонот. Бирок келген жооптор түшүнүксүз”,- дейт депутат Сайдулла Нышанов. Ал буга мисал катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Беш-Бадам айылындагы авариялык мектептин ордуна жаңы мектеп салабыз деген убадалар жылда жок болуп жатканын айтып, сынга алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: