Menu

Адам өлүмү менен коштолгон жол-кырсыктарда тараптардын жарашууга келүү учурларын жоюу мыйзам долбоору демилгеленди

Бөлүшүү:

26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жол-транспорттук кырсыктарды кыскартуу, адамдын өлүмүнө алып келген жол-кырсыктарда тараптардын жарашууга келүү учурларын жоюу, ошондой эле судьялар тарабынан жазык жазасын дайындоодо коррупцияны жок кылуу максатында иштелип чыккан.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров айыппулдарды өтө жогорулатуу менен маселе чечилбестигин, алгач айдоочуларга да тиешелүү шарттарды (жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерди даана, так кылып белгилөө жана башка) түзүп коюп анан айыппулдарды күчөтүү керек дейт.

Депутат Гүлшат Асылбаева чоң өлчөмдөгү айыпулдарды коюу менен коррупцияга жол ачылышы мүмкүндүгүн айтып, демилгечини мындай жагдайларга чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын иликтөөгө чакырды. Ошону менен катар адам өмүрү менен коштолгон жол кырсыктарында күнөөлүү жакты айыппул төлөтүүдөн сырткары, жакынынан айрылган үй-бүлөгө кенемте төлөөгө дагы көбүрөөк көңүл буруу керектигин айтты.

Мындан сырткары, талкууда мас абалында болгон кырсыктыкта белгиленген айыппул кокусунан болгон жол кырсыгы үчүн айыппулдан жумшагыраак болуп калгандыгы айтылып, долбоорду жакшылап иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды.

Патрулдук милициядагы коррупция жоюлмайын, андагы милиция кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатып, жоопкерчилигин көтөрүп, комплекстүү иш-чараларды көрбөсө адам өмүрүн алган жол кырсыктары азайбайт”,- дейт депутат Махабат Мавлянова.

Соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: