Айрым көзөмөлдөөчү органдар Жалал-Абаддагы таштанды төгүүчү жай калктуу конуштарга экологиялык коркунуч келтирип жатканы тууралуу маалымат таркатышкан. Бирок, ал таптакыр чындыкка туура келбейт, – деп билдирет “Жалал-Абад тазалык” муниципалдык ишканасы.
Муниципалдык ишкананын жетекчиси Төлөнбек Бакировдун айтымында, Жалал-Абаддагы таштанды төгүүчү жайы шаардан 17 чакырым алыстыкта, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Курук-Сай участкасындагы калктуу конуштары жок адырлардын ичинде жайгашкан. Ошондуктан, таштанды төгүүчү жай калктуу конуштарга, элге экологиялык коркунуч келтирип жатат деген маалымат чындыкка жакындашпайт.
-Таштанды төгүүчү жайдын аянты 9 гектар, 1,5 гектары рекултивация болуп, топурак менен көмүлгөн. Ал жерде таштанды төгүүчү жайды иретке келтирип, Т-130 маркасындагы трактор дайыма иштеп турат. Бизге таштанды төгүүчү жайдын абалы боюнча айылдык бийликтерден же тургундардан эч бир арыз-даттануулар, нааразылыктар келип түшпөгөн. Себеби санитардык эрежелерге ылайык, таштанды төгүчү жай калктуу конуштардан 1 чакырым алыстыкта турушу керек. А биздин таштанды төгүүчү жай 17 чакырым алыстыкта турат, – дейт ал.
Эске сала кетсек, “Жалал-Абад тазалык” ишканасында 22 атайын техника, 15 даана атайын автоунаа, МТЗ-82 үлгүсүндөгү эксковатор жана башка бир топ техникалар шаар тазалыгын камсыз кылып турушат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ