Menu

Сооронбай Жээнбеков, КР Президенти: “Мен Акаев менен Бакиевдин тагдыры кандай болгонун көрдүм. Эл алдында жүзүм жарык болушун каалайм…”

Бөлүшүү:

Журналисттер менен жолугушуу Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы жолу уюштурулуп жатат.

Путин жана шайлоо

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы шайлоо тууралуу да кеп салып, азыркы президент Владимир Путиндин жеңишке жетишин каалай турганын айтты. Жээнбеков Путиндин экономикага жана коргоо кызматына кошкон салымы зор экенин белгиледи.

Депутаттын кармалышы

Жогорку Кеңеш депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышын катуу кабыл алганын айтып, Дамирбек Асылбек уулу “жеңил ойлуулук кылганын” билдирди. Ал Казакстан акыйкат тергөө жүргүзөт деген ишеничте экенин жана бул өлкөнүн ишине киришпей турганын белгиледи.

Сөз эркиндигине мамилеси

Президент журналисттер менен жолугуу учурунда сөз эркиндигин коргой турганын айтып, бирок ошол эле учурда ар бир адамдын тагдырына жоопкерчилик менен караш керек деген пикирин айтты.

“Басма сөз жана коомчулук менен кызматташууга даярмын. Биз дайыма ачыкпыз. ЖМК – бул бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө. Журналисттер саясий маданиятты калыптандырууда чоң роль ойношот. Биз мамлекеттин өнүгүшүнө бирге салым кошобуз”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Туугандар жана кызмат

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, көптөр андан туугандарын мамлекеттик кызматка дайындайт деп шектенет. Бирок ал туугандарымды бийликке аралаштырбайм деп сөз берди.

«Алар өз ишин мыкты билет. Мен Акаев менен Бакиевдин тагдыры кандай болгонун көрдүм. Эл алдында жүзүм жарык болушун каалайм”, -деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекет башчысы болуп кызматына киришкенине 3-мартта 100 күн болду. Анын бийлиги Конституциядагы президенттин айрым ыйгарым укуктарын азайткан беренелер күчүнө кирген маалга туш келди.

“Азаттык”

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: