Ташкентте Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы мыйзам бузган кымбат автоунаа ээлерине айып пул салып, машиналарын камакка алууда. Маалыматка караганда, рейддер атайын кызматтын өкүлдөрү менен бирге жүргүзүлүүдө.
10-октябрдан тарта жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда ондогон кымбат автоунаалар камакка алынды. Алардын баары унаа токтотуучу жайга жеткирилди.
– Негизинен биз кымбат автомобилдердин айдоочуларына “аңчылык” кылуудабыз. Биз алардын машиналарын унаа токтотуучу жайга жөнөтүүдөбүз. Акыркы кездерде Ташкентте МАИ кызматкерлерине адепсиз мамиле жасаган байлар көбөйүп кетти. Андыктан унааларын камакка алуу менен аларды тыйып жатабыз. Бирок айып пул төлөгөн айдоочулар унааларын алып кетип жатышат, – деди жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын офицеринин бири. Ал айып пулга жыгылган айдоочулардын арасында мамлекеттик кызматтарда иштеген аткаминерлер да бар экенин кошумчалады.
Ташкенттин бир катар айдоочулары болсо жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери болоор-болбос себептер менен машиналарды камакка алып жатышат деп даттанышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ