Германия өлкөсүндө дзюдо боюнча клубдар арасында чоң мелдеш аяктады. Быйылкы 2016-жылкы сезондо Түндүк жана Түштүк тайпасы болуп жалпы жонунан 11 команда аламанга аттанган. Кыргызстандык татами балбандары Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев Түндүк тайпасындагы “Гамбург” командасынын курамында күрөш жүргүзүп, алгач жарым финалда атаандаштарынын мизин майтарса, финалдык беттешүүдө да ийгилик коштоп, жыйынтыгында “Гамбург” командасы Германиянын клубдар арасындагы чоң мелдеште чемпион аталышты. Ошентип Бундеслигада эки балбаныбыз мыкты көрсөткүчтөр менен үйгө кайтышты.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ