Menu

Соль-Илецкиден келип, “Семетей” обсервациясынан чыр менен чыккандардын арасынан Ысык-Көлдүн 21 тургуну облуска барганда үй карантинине алынды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда Соль-Илецк шаарынан келген жарандар үй карантинине алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда облустук штаб маалымдады.

Белгилүү болгондой, 7-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан 541 жаран алынып келинген. Алгоритмге ылайык, алар “Семетей” обсервациясына жаткырылган. 18-майда алар такталбаган маалыматтарга ишенип, жаңжал чыгарып, үйлөрүнө коё берүүнү талап кылышкан. Саламаттыкты сактоо министрлиги алардан 2 жолу коронавируска анализ алышып, жыйынтыктары терс чыккан жарандарды үй карантинине жөнөткөн. Ал эми ооруга чалдыккан 104 бейтапты борбордогу ооруканаларга бөлүштүрүп, алар менен тыгыз байланышта болгон адамдарды обсервацияда калтырган. Калгандарын жашаган дареги боюнча үй карантинине жиберилген. Анын ичинен Ысык-Көл облусуна 21 тургун жиберилген.

“Облуска 17 жаран келди. Алар үй карантинине алынды. Калган 4 адам бүгүн келишет. Медициналык кызматкерлер алардын ден соолугун көзөмөлдөп турат” – дейт облустук штаб.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: