Menu

Орусияда кыргыз футбол күйөрмандары үчүн атайын штаб ачылды

Бөлүшүү:

2018-жылы Орусия Федерациясында FIFA Футбол боюнча дүйнө чемпионатын даярдоо жана өткөрүүдө коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүнө байланыштуу футбол оюндары өтө турган Орусиянын бир катар шаарларында (Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону) иштеп жана жашап жатышкан кыргыз жарандарына тийиштүү укуктук-консулдук жардам көрсөтүү максатында атайын Штаб түзүлдү. Штабдын негизги вазийпасы – Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө турган шаарларда Орусия Президентинин 2017-жылдын 9-майындагы №202 Жарлыгына ылайык “Кыргыз жарандарынын миграциялык каттоого туруу тартиптери жөнүндө”- кыргыз жарандарынын арасында маалыматтык- түшүндүрмө иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү. Буга улай Футбол боюнча чемпионаттын оюндары өтө турган шаарларга келүүгө камынган же ал шаарларда турушкан Кыргыз жарандары үчүн миграциялык эрежелер боюнча кеңеш берүү, ошондой эле ыкчам укуктук-консулдук жардам көрсөтүү үчүн элчилик тарабынан “Ыкчам линиясы” дагы уюштурулду.

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: