Menu

“Ата-Мекен” фракциясы Өкмөттүн 2016-жылдагы ишин «канаттандырарлык эмес» деп баалады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши боюнча Премьер-министрдин отчету угулду. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттүн жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасаган вице-премьер министр Олег Панкратов 2016-жылы Өкмөттүн кабыл алган программасы 90 пайызга аткарылагынын, экономикалык өсүш 3,8 пайызды түзгөнүн белгиледи. Ошондой эле, отчетто ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40 пайыз өлчөмүндө инвестиция тартылганы, экспорттун көлөмү 5,1 пайызга көбөйгөнү, бирок былтыр Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4 пайызга төмөндөгөнү айтылды.

Ал эми фракция мүчөлөрү Өкмөттү социалдык-экономикалык тармактарга өзгөчө көӊүл бурууга чакырып, жол куруу тармагындагы көйгөйлөргө басым жасашты. Алсак, депутат Каныбек Иманалиев Бишкек – Кара-Балта жолун тез арада бүткөрүү зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, депутат Садык Шер-Нияз тарабынан жылдан жылга маданият тармагына бөлүнгөн каражаттардын көлөмү азайып баратканы айтып, быйыл бул маселеге өтө тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектиги кошумчаланды.

Жыйынтыгында Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүгүндө кемчиликтер арбын экендиги белгиленип, анын ишине «канаттандырарлык эмес» деген баа берилди.

Эске салсак, мыйзамга ылайык, Премьер-министр Cооронбай Жээнбеков жетектеген Өкмөттүн ар жылдык отчету адегенде парламенттик фракциялар менен тармактык комитеттерде талкууланып, андан кийин парламенттин кароосуна чыгарылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: