Президент болом деген көксөөсү бардыгын социалдык тармактар аркылуу кабардар кылып, чет өлкөдө жатый алып бийликке сын тагып келе жаткан Садыр Жапаров менчиктештирип алган “Жыргалаң” шахтасынын электр энергиясына болгон карызы 13 миллион 600 миң сомду түзүптүр. Президент болсом мамлекетти гүлдөтүп, элди жыргатам деген Жапаров электр энергияга болгон карызын төлөбөй, ошол аймакта жашаган калкка кедергисин тийгизип жатканын жергиликтүү тургундар айтышууда. Мындан улам, эл бакканды коюп, элге зыянын, залакасын тийгизген жоругун оңдоп, анан бийликке сын такса болмок дейсиң. Мындайды кыргызда «айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат» деп койчу эле.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ