Menu

Ыргал Кадыралиева, мурдагы депутат: Кырдаалга карап түздөнүүгө туура келет

Бөлүшүү:

Бешинчи чакырылыштын жаш депутатынын бири катары саналган Ыргал айымдын дале болсо көз караштары коомчулукта кызыгууну жаратат. Мына ошондуктан баарлашууну туура көргөнбүз. Анткени учурда талкуулоочу маселе арбын. Ал өзү да мындай сунушубузга түшүнүү менен мамиле кылып, макулдугун берди. Анда эмесе кеттик, суроолорду узаталы.

— Кандай болгон күндө да сизди коомчулук унута элек. Ошентсе да оболу кантип депутат болуп калганыңызды, кимдер таасир бергенин, алгачкы күндөрдөгү кыйынчылыктар тууралуу кеп баштап берсеңиз?

— Биздин муун өз киндигин өзү кести десем жаңылышпайм. ЖОЖго кирүү, жумушка орношуу такай эле акча менен чечилип, коррупциянын гүлдөп, көзөмөлсүз болуп турган убакта чоңойдук. Университетте 2 курста окуп жатканда болсо керек. Бир куну ЭлТР жаштарды чогултуп, программа уюштуруп жатыптыр. Университеттеги коррупцияны кантип жок кылабыз деген темада. Ректораттан Кадыралиеваны айтып койгула барып катышып, жакшылап сүйлөп койсун, бизде коррупция жок деп, — ​деген тапшырма келди. Мен бардым. Анан мага сөз келгенде микрофонду алып, коррупция жоголбойт, азайтуунун гана жолун издеш керек. Студент менен мугалимдин ортосундагы коррупция жөнүндөгү маалымат жетинчи кылымдардагы шумердин эстеликтеринде жазылган. Бул тарых, ошондуктан коррупция бардык жерде гүлдөп жатат. Болгону аны азайтуу жана аны ачып чыгуу үчүн күрөшүү керек. Мугалимдер студенттен акча албоо үчүн жакшы окуйлу деп сөзүмдү бүтүрүп койдум.

Албетте, жөнөткөндөр нааразы болду. Уккандар эң туура деди. Анын сыңарындай мен теңдүү кыздардын көпчүлүгү Университеттин коомдук иштерине активдүү катышып, дебаттарда утуп, жетилдик. Гезит окуп жүрүп, андагы Сорос Фондунун каржылоосу менен ачылган, ошол убактагы студенттер арасындагы эң престиждүү мектеп болгон “Келечек” элиталар мектебине үч тур конкурс менен жалгыз мен өтүп, Бишкек шаарына окуганы келдим. Анан окуйм деп келип, университеттин вице президенти болуп кеткен, айылдык кыз мен үчүн түш сыяктуу болуп көп нерсеге көзүмдү ачкан. Бирок мен саясатчы эмес илимпоз болууну эңсегем. Агам өлбөсө татыктуу илим жактаган, Ыргал эжеке болсом керек эле. Насип буйруп, кийин ЖКга депутат болуп калдым. Депутат болуш оңой, бирок депутаттык милдетти аткаруу өтө оор экен. Бир күнү көчөдө баратсам, легендарлуу жана 2 чакырылыштын депутаты болгон бир аксакал атымды айтып чакырып калды. Тааныштык. Анан айтып жатпайбы, ай Ыргал силерге эч нерсе жок да, а биздин убак сонун болчу. Биз баарын бөлүштүрүп, менчиктештирип алганбыз деп. Чындыгында азыр шаардагы мурунку социалдык имараттын ээси экен. Мен да жөн калбай, бизде деле имарат калбаса да, жер, анан кыргызстанды жакырчылыктан чыгарууга деп келген кредитти бөлүштүрүп жаткандар толтура деп койдум. Бирок жеке мен принципиалдуу түрдө беш жыл ичинде Кыргызстандын баардык територриясынан бир квадрат метр жер алган жокмун. Бир банктан да бир сом кредит албадым. Кечээ жакында бир бизнесмен депутат 5 банктан кредит алып, завод салды деп мактап жатышат. Анткени менен мыйзамдык жагы кандай болду экен? Депутат, министрлердин туугандарына да мамлекеттик банктардан аз пайыздык кредит алууга чек кою керек болуп турат. Болбосо кыргызстанды мамлекет башындагы 200 адам эле бөлүштүрүп алат да.

— Коомдун таянычы катары бааланган аял жетекчилердин, депутаттардын сизге калтырган күчтүү таасирлерине кандайча баа бересиз?

— Кыргызстандын тарыхында саясатка өз салымын кошкон аялдар көп болду. Алардын бир нечеси менен замандаш болуп келатабыз. Арасында келечек муун түздөнгүдөй, эл оозунда күчтүү позициясы менен калчулар арбын. Билим берүүдө, укуктук тармактарда, карылар, жаштар, балдар менен иштөөдө айрыкча аял кишинин колусуз жылбай турган иштер бар. Тажрыйбалуу аялдар толтура. Бирок өкмөт бүгүн бул тармакта алтын баштуу аялдан бака баштуу эркек артык деп тургандай абалда десек болот.

— Сиздин эч нерседен тайманбай бетке айткан мүнөзүңүздү билебиз. Ушул кыялыңыздан жапа чеккен жок белеңиз. Дегинкиси адамдагы кайсы касиетти жогору баалайсыз?

— Мен адамдагы эң баалаган касиет калыстык, чынчылдык. Адам кандай учур болбосун ушул эки касиетти карманыш керек. Мени филфакта беш жыл окуткан агайым менен жолугуп калып, агай бизге илимди эле окута бербей, жагынууну да окутуп койбойт белеңер десем, бир агайдын атын айтып, ошол сага сабак берди беле дейт? Жок десем, ошол агайың бир эле жыл сабак бергенде жагынуу боюнча мыкты адис болмоксуңар деп күлдүргөн. Андыктан, көбү мени бетке айтасың дейт. Мен жакшы көргөн адамыма гана бетке айтам. мактоо адамга албетте жагат, бирок тууган күйдүрүп айтат дейт го. Эл колдойт экен, алакан чабат экен деп эле сүйлөй бергенди жактырбайм.

— Мандат алыш үчүн капчык калың болуш керек деген көз караш калыптанып калган. Балким ушул ирет каражатка эмес карманган позициясына, адамдык сапаттарына, коомдогу ордуна маани берилет чыгар. Буга не дейсиз?

— Парламентти эл шайлашы керек. Бирок бүгүнкү парламент, бир партиянын башында турган гана ортомчулардын тизмеси менен такталып, акчанын күчү менен келген. Ошондуктан парламентке чет элдин жарандыгын алган саткындар, кооз сүйлөгөн популисттер, акчалуу олигархтар аралашып кетти. Кыргызда сөз бар, касапчы өз энесине сөөк сатат деген. Менимче мамлекет парламенттеги партиялык мафиянын барымтасында калды. Алар мамлекеттеги кадрдык саясатты толук бөлүштүрүп алышты. Андыктан, Конституциядагы башкаруу системасына реформа жасашыбыз керек. Жакшылыктан күдөр үзбө демекчи, Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы Конституцияга парламенттин милдеттерин тактаган референдумга барып, же шайлоо кодексин кайра кароо менен ыймандуу, адилеттүү, патриот жана кесипкөй эл өкүлдөрүнүн келүүсүнө шарт тузуп берет деп ишенебиз.

— Акыркы суроо болсун. Кийинки парламенттик шайлоого барасызбы? Балким чакыруулар эмитен болуп жаткандыр?

— Андай чакыруулардан кур эмеспиз. Антсе да жети өлчөп бир кесүүнүн мезгили келди. Эки жакты абайлап карап, мүмкүнчүлүктү таразага салып туруп чечим чыгаруу кажет. Акыйкатта кырдаалга абай салып түздөнүүгө ниетти буруш талап кылынууда. Колдон келсе мурдагылардан салмактуу, таза, элдин көйгөйүн чечүүгө даяр депутаттар келсе ишибиз алдыга карай кетет. Эски “схемалардын” түбүнө жетпесек баягыл эле дөңгөлөгү кыйшайган арабада кала беребиз. Ошондуктан ар бир чакырууга сын көз менен карап, калк кадырына жете турган партияга кошулууга тилегим бар.

Ж.Сулайманов

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: