Menu

ЕККУ Навальныйдын сайтынын жабылышына тынчсызданууда

Бөлүшүү:

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча төрагасы Арлем Дезир Орусияда Алексей Навальныйдын сайтына бөгөт коюлушуна тынчсызданганын билдирди. Ал жерде миллиардер Олег Дерипаска тууралуу жеке маалыматтар жайгашкан. Дезир буга байланыштуу өз пикирин бейшембиде “Твиттерде” калтырды.

“Орусияда Навальныйдын иликтөө баяндамасынан кийин Роскомнадзор тарабынан navalny.com сайтынын жабылышын тынчсыздануу менен карап турабыз. Жеке маалыматты коргоо үчүн коомдук маселелерди көтөрүүгө кедерги тийгизүүгө же веб-сайтты толугу менен жабууга болбойт”, – деп жазды ал.

Мурдараак Орусиянын Көзөмөл комитети (Роскомнадзор) иликтөө материалдарын таратууга тыюу салган сот чечими бар экенин билдирип, жергиликтүү маалымат каражаттарына аны жарыя кылбаш керек экенин эскерткен. Ал эми байланыш операторлоруна Навальныйдан сайтын жабууну тапшырган.

Навальный 8-февралда кезектеги иликтөөсүн жарыялап, Дерипаска вице-премьер Приходькону яхтасында сыйлаганын, ал жерде интимдик кызмат көрсөткөн кыздар да болгонун билдирип чыккан. Муну оппозициячы коррупция жана моралдык бузулуу катары баалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: