Menu

Олчойгон доолор сөз эркиндиги үчүн коркунуч

Бөлүшүү:

Кыргызстан 7-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнүн белгилейт. Бул күндү утурлай өлкөдөгү сөз эркиндигине жана журналисттердин жоопкерчилигине ар кандай баа берилүүдө.

7-ноябрь – 1993-жылдан бери Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет. Анткени 1924-жылдын ушул күнү азыркы “Кыргыз Туусу”, ошондогу “Эркин Тоо” улуттук гезитинин алгачкы саны жарык көргөн.

Адатта бул күнү мамлекеттик мекемелер маалымат каражаттарына белектерди, журналисттерге сыйлыктарды тапшырып, кадыресе майрам катары өтөт.

Анткен менен 7-ноябрды майрам катары санабагандар да жок эмес. Баяндамачы Кабай Карабеков бийлик журналисттерге миллиондогон сом доо коюп жаткан өлкөдө бул майрамдын мааниси деле жок деген ойдо. Айтмакчы, Карабековду жана анын макалалары жарыяланган 24.kg сайтын ушак жана жалган маалымат таратты деген негизде жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков 10 миллион сом доого жыккан.

– Басма сөзгө мындай басым бир да президенттин учурунда мынчалык болгон эмес. Азыр Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп айтууга мүмкүн эмес. Анткени бийлик бизди соттук доолор аркылуу кысып жатат. Доолордун өлчөмү эмне үчүн чоң? Себеби бийлик ири өлчөмдөгү доолор менен көз карандысыз журналисттерди, медиа каражаттарды кысууну көздөп жатат. Мунун баары азыркы бийликтин саясаты. Эркин эмес өлкөдө журналисттерге эч качан майрам болбойт.

Кабай Карабеков Кыргызстан буга чейин Борбор Азияда демократия аралчасы атка конуп келсе, эми “коркунуч аралчасына” айланып баратат деп чочулайт.

Анткен менен бийлик мындай дооматтарды негизсиз деп четке кагып, журналисттерди жоопкерчиликке чакырып келет.

Жаңы дайындалган Маданият, маалымат жана туризм министриСултан Жумагулов соттук доолордун арбышын ЖМКдагы фактыга таянбаган материалдардын көптүгүнөн көрөт.

Биз ар бир сөзгө жоопкерчилик менен мамиле кылбасак болбойт. Журналистиканын негизи – бул факты. Адамдын коррупционер экенин, басанаак экенин же өз ишин аткара албаган шалтурук экенин факты менен гана айта алабыз. Бизде болсо имиш, жоромолдор көбөйүп кетти. Көп учурда факты жок эле ушинтиптир, өздүк булактар айтты деп эле жаза беребиз. Соттук доолордун көбөйүшүнө ушулар себеп болуп жатат.

Ар бир сөзгө жоопкер мамиле жасоо талабын оппозициялык саясатчы, коомдук ишмер Адахан Мадумаров да кубаттайт. Бирок ал ушул эле маселеде бийликтин кош стандарттуу мамилесине нааразы. Анын айтымында, мамлекеттик делген маалымат каражаттары да бийликке сын айткандарды каалашынча каралайт да, бирок эч качан жоопко тартылбайт.

– Мамлекеттикпиз деп мамлекеттин акырынан жем жеген маалымат каражаттарына эч кандай бөгөт жок. Расмий бийликке альтернативдүү көз караштагыларды каралоо боюнча алар алдына киши чыгарбайт. Эгер адамдын ар-намысына шек келтирбөө тууралуу сөз кылсак анда ким экенине карабай мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликке тартылуусу керек эле. Мыйзам алдында баары бирдей деген принцип кармалса максатка ылайык болмок. Азыркы бийлик “бизге тийбегиле” деген принцип менен жашап жатат.

Ушундай эле пикирди ардагер журналист Үсөн Касыбеков да карманат. Ал эгер бийлик жалган маалымат тараткан мамлекеттик медиа каражаттарга да чара көрүлсө, көз карандысыз журналисттер нааразы болмок эмес деген пикирде.

Укук коргоочулардын эсеби боюнча бийлик тарабынан көз карандысыз маалымат каражаттарына салынган доолордун жалпы суммасы 50 миллион сомго чамалады. Алар муну сөз эркиндигин чектөө катары баалап, бийликти доолордон баш тартууга үндөшөт. Алмазбек Атамбаев башында турган азыркы бийлик бул айыптоолорду төгүндөп, жалган маалымат тараткандарга катаал чара көрүлөрүн эскертип келет.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: