Menu

Жалал-Абад облусунда Жарандык коргонуунун Көчүрүү комиссиясынын олтуруму өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунда Жарандык коргонуунун Көчүрүү (Эвакуация) комиссиясынын курамынын быйылкы жылдагы алгачкы олтуруму болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Курамы 19 адамдан турган облустук Жарандык коргонуунун Көчүрүү комиссиясынын олтурумунун ишин комиссиянын төрагасы, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин облустук башкармалыгынын башчысы, подполковник  Дайырбек Каримов облус аймагында 1505 үй-бүлө азыркы учурда кооптуу аймактарда жашап жатышкандыгын тынчсыздануу менен белгилеп кетти. Мунун ичинен жер участокторун алышкан көптөгөн үй-бүлөлөрдүн ата-энелери жаңы алган участкаларына балдарын чыгарып коюшуп, өздөрү дагы деле кооптуу аймактарда жашап жатышат.

Облусттук Жарандык коргонуунун Көчүрүү комиссиясынын төрагасы, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков облусттук ички иштер башкармалыгынын, облусттук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары менен бир катар тиешелүү тармактардын жетекчилерине Токтогул районундагы кар атып түшүрүү иштеринин жүрүшүндө жүргүнчүлөр менен айлоочулардын   коопсуздугун камсыз кылууда жеринде милиция менен дарыгерлердин күзөтүн уюштуруу тапшырмасын берди.

Кар көп жаагандыктан Токтогул районунун Толук айылында мектеп үч күнгө жабылды. Ал эми Чаткалдагы Чапчыма ашуусу аркылуу автомобиль каттоолорунун жүрүүсү  түн ичинде толугу менен жабылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: