Эсиңиздерде бодсо, 2018-жылдын 6-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азим Жусубалиев тендер деген балээден «поддержка» кылам деп жол куруучу компаниядан пара алып жатып кармалган эле. Жусубалиев дегениң эр экен, эй! Анан калса, табити укмуш экен. Элдер эки жүз, үч жүз доллар менен «паракор, коррупционер» делинип камалып, кызматынан четтеп жатса бул мырза лак эткизе эле 520 миң АКШ долларын сураган. Биздин акча менен дээрлик 37 миллион сом. Жүрөгү тоо дагы эмес, сөз менен айта алгыс керемет окшойт. Болбосо буга ким батынат? Эми бул иш боюнча кандай тергөө жүрүп жатканы, ал акчаны Жусубалиев өзү сураганбы же артында «домкрат» турабы деген сыяктуу суроолорго азырынча жооп табыла элек. Ушинтип «дым-дым» болуп жатып, бул эргул аягында мунапыс менен чыгып кетпейби дегендер да жок эмес. Ырасында миллиондор жакшы дечи, бирок ал өзүңдүкү болсо. Эгер элдики, мамлекеттики болсо, анан аны ой келди калчасаң, убалы кантет болду экен?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ