Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы ата- энелер мектеп директорун иштен кетүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу тургундар журналисттерге билдиришти.
Ата- энелердин айтуусу боюнча, Назар Мамбетов эки жылдан бери мектеп директору болуп иштеп келген. Ал 8-класстын окуучусуна смс-кат жазган.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев билдиргендей, бул иш боюнча директорго эскертүү берилген. Буга чейин мектеп директорунун үстүнөн айылдык кеңештин депутатынан жана ата-энелерден эки арыз түшкөн. Ата-энелерден жазган арыздын биринде окуучунун мектептен чыгарылышына директор күнөөлүү экендиги айтылса, экинчисинде смс- кат тууралуу айтылган.
Ата-энелер катышкан чогулуштан кийин директор өз каалоосу менен кызматынан кетүү боюнча арыз жазган. Учурда директордун милдетин анын орун басары аткарып жатат.
Назар Мамбеталиев бул иш ага карата атайылап жасалганын билдирген. Ал смс- катты окуучулары менен тил табышуу максатында жазганын айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ