Menu

Кой-Таштагы окуялар: Бүгүнкү сот отурумга Атамбаев өзү катышмак, бирок сот 7-октябрга жылдырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-октябрда Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отуруму 7-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу соттун катышуучусу Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, кечээ кечинде катчы процесстин бардык катышуучуларына чалып, бул жөнүндө кабарлаган. “Буга мамлекеттик айыптоочунун отурумду кийинки шаршемби күнгө жылдыруу өтүнүчү келип түштү. Адатта, судья баардыгын чогултуп, айыпталуучуларды СИЗОдон алып келишип, ошондон кийин гана тиешелүү билдирүү жасачу”, – деди ал.

Жолдубаева бүгүн, 2-октябрда, сот отурумуна катышуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко алып келүү керек болчу экенин эске салды.

30-сентябрда, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев соттон Атамбаевди отурумга катышуу үчүн жеткирүүнү камсыздоону суранган.

Буга чейин, мурунку мамлекет башчы процесстен баш тартканын билдирип, муну өзүнүн ден-соолугу начардыгы жана саясий негизде отурумга катышууну каалабагандыгы менен түшүндүргөн.

Кой-Таштагы иш-чаралар боюнча жолугушуулар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуу болуп, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Чүй ОИИББнин жетекчиси Самат Курманкулов башынан жабыркап, ооруканага жеткирилип, эки жолу операция болгон. Бир топ адамдар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. УКМКнын алты кызматкери барымтада калган.

Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин “Киши өлтүрүү”, “Адамдын өмүрүнө кол салуу”, “Барымтага алуу”, “Жапырт башаламандык”, “Бейбаштык”, “Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: