Акыры оңолуу, ачык айкындуулук жеңет. Биз ошол кадамды тамтуң таштап атабыз. Эсеби маселен, Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларациясын тыкыр текшерүүтө алууда. «Бармак басты, көз кысты» менен көз жаздымда калтырып жаткандары да болсо керек. Канткен менен айрым көпөстөрдүн жашырган байлыктары тууралуу ачык айтылып, коомго атын атап жатканы кубандырууда. Алалы, Башкы прокурордун буйругу менен дисциплинардык жоопкерчиликке бир топ прокурорлор тартылды. Алардын катарында Балыкчы шаарынын прокурору Мелис Сооронбаев бар. Сооронбаев итке минген кедей катары өзүн көргөзгөнү менен, анын кандай турмушта жашаарын биз жакшы билебиз да.
«Барды бар, жокту жок» деп айтуу кыйынбы? Же Сооронбаев кагаз жүзүндө тишинин кирин соруп, айлык күтүп, өп-чап жашап, ал эми факты жүзүндө чулчуңдата чучук чайнап, короо-короо малдарды күтүрөтө айдатып, жолтандабастарды минип жүргөнүн коомчулук билбейт деп ойлобойбу? Ой, кичине көздү ачалы да…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ