Menu

Ноокатты каалагандай калчаган Абдрахман Гапаровду ким тыят?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын тарыхында эзели мындай факты катталган эмес! Ноокат шаардык Кеңешинин депутаты Рафикжан Тешебаев Ноокат шаардык Кеңешинин этика боюнча комиссиясынын төрагасы Сабибулла Таирхужаевге жергиликтүү спикер Абдрахман Гапаровдун үстүнөн даттанып, аны токтоосуз түрдө тартипке чакырууну абдан суранган. Тилекке каршы, бул талап эч орундалбастан, тескерисинче, арыз ээсин куугунтуктоо улам күчөп баратат.

– Ноокат шаардык Кеңешинин депутаты Турдумамат Маманазаровдун жана Ноокат шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы Нурмахамад Ярматовдун атайын чакыруусуна ылайык бир документке кол койгону Ноокат шаардык Кеңешине капысынан эле баш баккамын,- деди Ноокат шаардык Кеңешинин депутаты Рафикжан Тешебаев. – Мэриянын ичинде Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасы Абдрахман Гапаров мени өзү тосуп алып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп-кордоду. Кеп арасында ыраматылык Усуп атама жана бейиши болгур апама абдан асылды. Атам ыраматылык эч кимге зыяны тийбеген согуш ардагери эле. А апам 55 жыл бою мектепте эмгектенген инсан болчу. Төрагалык вазийпасынан аша чаап, мени жөнсүз акараат кылган жергиликтүү спикер Абдрахман Гапаровго эмне мыйзам жокпу? Эгерде Ноокат райондук Кеңешинин этика комиссиясы менин арызымды чукул арада толук бойдон канаттандырбаса, анда мен тиешелүү инстанцияларга үстөккө-босток кайрылып, жарандык укугумду коргоого аракет кыламын. Чынында, менин мындан башка аргам дагы калган жок!

Абжалил Көчкөнөв, 85 жашта, эмгек ардагери: – 40 жыл бою механизатордук кесипти үзгүлтүксүз аркаладым. Ноокат шаардык Кеңешинин спикери Абдрахман Гапаров мен билгенден соңку мезгилде ыраса көптү. Көзүн даана май басты. Соңку тапта кландык башкарууга биротоло ыктады, эй! Эмне, мындай ээн баштарга мыйзам жок бекен? Албетте, президентибиз Сооронбай Жээнбеков бул туурасында таптакыр билбейттир.

Бирок, биздин айтканыбызды угуп, же кокус окуп калса, ашынган аткаминер Абдрахман Гапаровго адилет жана катаал чара көрөт деген терең ишеничтемин! Анткени, Ажобуз, көз тийбесин, көпкөн корорупционерлерди чекесинен камап, желин чыгарып жатпайбы! Биз дагы мындай катаал саясатты, албетте, ырааттуу кубаттайбыз!

Асиехан Абдыкадыров, коомдук ишмер: -Ноокат шаарындагы Төлөнов көчөсүндө жашаймын. Ноокат шаарынын мэриясы, булардын арасында Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасы Абдрахман Гапаров дагы бар, менин үкамдын уулуна биз жашаган үйгө мамкатттоо аркылуу коркпостон документ – Кызыл китеп тууралап бериптир. Ошентип, беш бөлмөлүү, 8 сотых жери бар батиримди ишеним кат аркылуу бирөөлөргө соодалап ийишиптир. Эми минтип чыркырап чындык издеп, соттон башым чыкпай калды, эй…

Албетте, жергиликтүү же Жогорку Кеңештеби, коомубуздагы кемчиликти коркпостон бетке айткан, бийликти безине гана сайып иштеткен Рафикжан Тешебаев өңлөнгөн мекенчил активисттер бүгүнкү күндө абадай эле зарыл! Бирок, мындай тыңчыкмаларды куугунтуктап, ооздуктоого далалаттанган Абдрахман Гапаров өңдөнгөн жетекчилерди дагы теске салууга мезгил жетти…

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: