Menu

Жусупжан Кээнбеков: Базар Коргон суусуна “Азия” банкы үч миллион доллар бөлгөн эле, кана анысы?

Бөлүшүү:

Жусупжан агабыз ушу күндөрү ден соолугун чындап, ордо калаага келген экен. Акыбалын сурагыча өлкөдөгү азыркы кырдаал боюнча, ажобуздун «Региондорду өнүктүрүү жылы» деген жарлыгы Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында кандай абалда экенин кыскача айта отурду.

– Жусупжан мырза, «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата кандай жылыштарды байкап атасыз?

– Президент быйыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарлык кылды. Жарлык кылган күндөн баштап өкмөт ушу боюнча атайын чоң-чоң программаларды кабыл алып иштей башташ керек эле. «К великому сожалению» дейт орустар. Анын сыңарындай, Кыргызстандын бир эле Ош, Жалал-Абад эмес, бүткүл региондорунда кандайдыр бир программанын негизинде иштеп аткандары байкалбайт. Көз ачып-жумгуча эле 5 ай өтүп кетти. Бүткүл мамлекеттин башында жалгыз Көчмөндөр оюну деген программа гана тургансыйт. Андан башка күн сайын «ким кайсы жерде канча уурдады? Ким эмне кылды?» деген тополондор. ТЭЦтен, «Датка-Кеминден», тарых музейинен, жолдордон ж.б. чыгып атат. Айла жоктон жакамды муунта кармап эле отуруп калып атам, «ушунун баары жети жылдын ичинде болуп кеттиби?» деп. Эгер салыштырмалуу Акаевдикин алсак, роза гүлүндөй эле көрүнүп атат. Эч нерсе албагандай, бир чай кашык кумшекерди кымырып баратканда кекиртегибиз айрылгыча кыйкырганбыз «алды, жутту, өлкөнү тоноп атат» деп. Аргасы түгөнүп өлкөдөн чыга качкан. Кетпей деле койсо болмок экен. Ал эми бул команданын жоруктарын угуп отурсаң төбө чачың тик турат.

Ал эми аймактарды өнүктүрүү жылына кайрадан келсек, Көчмөндөр оюну менен гана чектелбестен, бүткүл аймактарда иш жүрүш керек болчу. Ала-Бука, Аксы, Чаткалдын ар бир сайларынан «алтын издейбиз» деп кытайы, орусу ж.б. элдер жердин баарын тешип салышты, суунун нугу өзгөрүп атат. Базар-Коргондун борборуна суу боюнча «Азия» банкы тарабынан 3 миллион доллар бөлүнгөн эле. Ошонун акырына чыктыбы? Канализациясы ушу күнгө чейин жок. Булардын абалы кандай, эч ким билбейт, кызыкдар болгон бир жан жок. Азыркы президент мурунку ажонун жолун улаганы жаткан. Жанагы эл түшүнбөгөн «40 кадамдын» изи мененби?

– Мурунку бийликтин запкысын көргөндөр акыйкат издеп, «бизди ажо бошотсун. Күнөөбүз жок, болгону Атамбаевдин саясый куугунтугу, заказы» деп атышат, ушуга кандай карайсыз?

– Президент ар бир соттук ишке аралаша бербеш керек. Киришип, бирөөсүн бошотту дегиче, эртең башкасы «эми тигини бошот, муну бошот» деген баш оорутмага кабылат, өзүнө-өзү op казып. Аны соттор гана чечиш керек. Сооронбай Шарипович сот эмес, ал президент! Баарына бирдей мамиле кылышы шарт.

Сурат Жылкычыев

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: