Айтылуу Азимбек Бекназаров: “Азыркы парламенттин 60-70 пайызы саясий сойкулар… Кыргыз саясатчыларынын көбү “бийлейли”, “жыргайлы” деп жеке кы-зыкчылыгын ишке ашырыш үчүн бийликке келишет. Мына, кечээ Алмазбек Атамбаевдин колтугунда жүргөндөр бүгүн Сооронбай Жээнбековдун колтугуна киришти. Акаевдин учурунда завод-фабрикаларды менчиктеп, сатып, талап-тоногондор кийин Бакивдин колтугуна кирип кетишти. Анан алар Атамбаевге өтүшкөн..- деп “Марал” радиосуна маек берип жатып айтты. Канткен менен чындыкты билдирди. Тигил жээктен бул жээкке секирген «саясий сойкулардан» арылчу мезгил келди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ