Кечээ, 8-августтан 9-августка караган түнү Алмаз Атамбаевдин укук коргоо органдары тарабынан кармалышына каршы нааразычылык акциясына чыккан тарапкерлеринин арасынан бир жаш кыз банктын айнегин талкалап салган.
“Чоң кыз, тигил банктын айнегин неге талкаладыңыз?” деп журналисттер сурашканда.
“Менин жиним келгени үчүн талкаладым, эмнеге талкалаш керек эле?” деп жооп берген.
“Жөн эле жабык турган банк жинге кантип тиет?”- деп такташкан журналисттер.
“Кеп жинге тийгенде эмес, просто эми, өздөрү турат жөн эле, биз эч нерсе кылган жокпуз,… ошон үчүн эле чаптым мен. Эми эмне кылса ошол кылсын, мага баары бир”, – деп басып кеткен жаш кыз.
Булак: KyrgyzToday.kg
Видео Нью ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ