Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги эки мектепти кыдырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-февралда президент Сооронбай Жээнбеков  Бишкек шаарындагы № 69- жана № 12-мектептерге барып, класстарга кирип, сабактарга катышып, окуучулар менен маектешти. Мугалимдер география, математика, немис тили, музыка жана сүрөт тартуу сабактары боюнча көрсөтмө сабак өтүштү. Окуучулар ооз комузда ойноп, ага гимнастика, бий сабактарын көрсөтүштү.

№ 12-мектепте шаардын мэри Азиз Суракматов борбордогу толук эмес жана ашыкча комплекттенген мектептердин абалы боюнча презентация жасады.

Маалыматты уккан соң президент айрым мектептер 40 пайызга гана комплектелгенин, ал эми башка мектептерде ашыкча комплекттөө 300 пайызга чейин жеткенин, бул абалды терең талдап, тийиштүү чечим кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.

Мектеп директорлору негизги көйгөйлөр катары класстардын ашыкча комплекттегендигин,  окуу корпустарынын жетишпей тургандыгын айтышты.

Мамлекет башчысы мектеп жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө коп болуп жатканын белгиледи.

Ушул маселеге байланыштуу: «Маселе менин көңүл борборумда. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Мэрия менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилген. Анализ жасалды. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ошол жерлерде жаңы мектеп салынат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат», — деди С.Жээнбеков.

Президент андан кийин ЖОЖдордун, кесиптик -техникалык окуу жайлардын мугалимдери, студент, окуучулары менен жолугушууга камданды.

Булак: Kyrgyz Today

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: