Menu

Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында Роухани менен жолугушууга даяр

Бөлүшүү:

Бирок Тегеран бул жолугушуунун ыктымалдуулугу өтө төмөн деп эсептейт. Күн мурун Иран президенти Хасан Роухани Ахваздагы аскер парады учурундагы террордук чабуулга кыйыр түрдө АКШ күнөөлүү экенин билдирген. Ирандын түштүк-батышындагы кол салуу 22-сентябрда болгон, теракт учурунда 28 киши өлгөн.

Роуханинин пикиринде, Вашингтон колдогон Перс булуңундагы өлкө Ирандагы өкмөткө каршы азчылыктарга колдоо көрсөтүүдө. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко учуп кетерде: “Америка башка өлкөлөргө карата өзүн бейбаш катары алып жүрүүдө… жана кара күчтүн негизинде аракеттенсе болот деп эсептейт”, деп билдирген.

Бул билдирүүдөн мурун АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук Гудзон институтунда сөз сүйлөп, Вашингтон Тегеран менен өзөктүк жана баллистикалык программаларды жөнгө салган жаңы келишимге кол коюуга белсенип жатканын айткан. Анын билдиришинче, жаңы документти кабыл алуудан мурун Тегеран Вашинготон койгон 12 талапты аткаруусу керек. Билдирүүдө жаңы келишим Конгресс тарабынан жактырылышы зарыл экени белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: