Чет өлкөлүктөргө бөйрөк алмаштыруу боюнча мыйзамсыз операцияларды жасаган дарыгер камалды. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, Чымкент шаардык № 1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай эки айга камалган. Анын баш коргоо чарасы 20-ноябрда Нур-Султан шаардык сотунда каралып, ага “чет өлкөлүктөргө бөйрөк алмаштыруу боюнча мыйзамсыз операцияларды жасаган” деген айып тагылып, ошонун негизинде камакка алуу чечими чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ