Menu

Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы: «Кыргызстанда олигархиялык, криминалдык, жоопкерчиликсиз, сүткор бийлик системасы түзүлдү»

Бөлүшүү:

— Бакыт мырза, экс-акыйкатчы катары Кыргызстанда учурда адам укугунун абалы тууралуу эмне демекчисиз?

— Кыргызстандагы адам укугунун абалы тууралуу айтканда эки нерсеге токтолсо болот. Биринчиси, бийликтин эркин массалык маалымат каражаттарына болгон мамилеси. Экинчиси, бийликтин өзүнүн жүргүзгөн саясатына, жасаган ишине ачык пикирин билдирген оппозициялык маанайдагы саясатчылардын аракеттерине карата жасалган аракеттери. Соңку мезгилде чындыгында эле Кыргызстанда эркин массалык маалымат каражаттарына чабуул абдан күчөдү. Эркин ойду, бийликтен башкача пикирди жалпы коомчулукка тегиз жеткирүү абдан чоң көйгөйгө айланды. Эркин сөздү айтып коё бересиң. Бирок аны элге толук жеткирүү дээрлик мүмкүн эмес. Анткени өлкөбүздөгү эң ири, таасирдүү массалык маалымат каражаттары бийликтин түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Бийликтин акырынан жем жешет. Маселен, мамлекеттик телеканалдар КТР, Элтр жана башка көп окурмандары бар интернет басылмалар толук түрдө бийликке көз каранды болуп калганын баса белгилеп кетмекчимин. Алар бийлик эмнени кааласа, эмнени айткысы келсе ошону гана элге жеткирет. Бийлик кааласа кимдир бирөөнү каралайт. Жок жерден кайсыл бир саясатчыга коррупционер деп айып тагып, анын моюнунан ылдый жугундуну төгүп жиберип, мокочо кылып көрсөтөт. Тагыраак айтканда коомчулукка, айрыкча карапайым элге азыркы бийликтин чыныгы жүзүн ачкан, азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын, айрыкча соңку жети жылда жасаган уурулук, кылмыштуу, кыргыз элине жасаган чыккынчылык аракеттери тууралуу эч бир маалымат элге, жалпы коомчулукка жетпей жатат. Бул абдан чоң көйгөй. Эркин массалык маалымат каражаттарын толук түрдө бийлик сот аркылуу айыпка жыгып, ооздорун жаап койду. Ага мисал катары “Сентябрь” телеканалын, “Заноза” сайтын, “Вечерний Бишкек” гезитин ал тургай “Азаттык” радиосун айтса болот. Муну менен бийликтин саясатына нааразы болгон ондогон адамдардын оозу жабылды.

Бул биринчи жагы. Экинчи жагы, бийликтин өзүнүн оппоненттерине болгон мамилеси. Мына соңку жылдары биринчи жолу Кыргызстанда саясий туткундардын тобу пайда болду. Ондон ашуун саясатчы азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы пикирлерин айтып, көйгөйлүү маселелерди көтөргөнү үчүн камакта жатышат. Алардын катарына С. Жапаровду, Ө. Текебаевди, Бектур Асановду жана башкаларды кошсок болот. Ошентип соңку мезгилдери бийликтин элге болгон репрессиялык саясаты абдан күчөп кетти. Бийликте жүргөндөр “баш көтөргөндөрдү ушинтип эле оозун жаап койсок болот” деп ойлоп жатышат. Менин оюмча алар туура эмес ойлонуп жатышат. Мунун акыры жакшылыкка алып келбейт. Анткени 6 млн калктын баардыгынын оозун жабуу мүмкүн эмес. Эртеби, кечпи бул бийликтин өзүнө сокку болуп урулат. Ошондуктан бийлик кеч боло электе ойлонушу керек.

— Дегеле учурдагы бийликтин жүргүзгөн саясатына кандай баа бересиз?

— Мамлекеттик башкаруу формасы боюнча айта турган болсом, бийлик соңку жети жыл бою сөз түрүндө дүйнө коомчулугуна “Борбордук Азияда биз парламенттик республика, чыныгы демократия орноттук!” деп жар салып келет. А, иш жүзүндө андай эмес. Иш жүзүндө өлкө башчысы Президент аткаруу бийлигинин дагы, мыйзам чыгаруу бийлигинин дагы, сот бийлигинин дагы мойнуна эки бутун салаңдатып минип, колуна камчы алып алган. Кыргыз президенти эмнени айтса, ошол кыйшаюусуз аткарылат. Бул болуп жаткан чындык, аны эч ким тана албайт. Экинчи жагы, эң өкүнүчтүүсү, коркунучтуусу өлкөдөгү эң жогорку бийлик бутагы болуп эсептелген парламентке жалаң акчалуулар, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү, кошоматчылар келе турган жоопкерчиликсиз бийлик системасы түзүлдү. Парламентке мурдагыдай болуп элди аралап өзүнүн программасын айтып ишендирип добуш алып келүү токтоду. Акчаң болсо депутаттык мандатты оңой эле сатып аласың. 500 миң долларың болсо депутат болосуң. Аталган сумманы кайсыл бир өтө турган партия жетекчисине бересиң да, дароо чет мамлекетке саякаттап кетип каласың. Ошентип, ал адам эч бир шайлоочунун алдына барып сүйлөбөйт. Эч кимге убада бербейт да шайлоо бүткөндөн кийин парламентке келип депутаттык мандатты алып отуруп калат. Ар бир өлкөнүн парламент депутаты деген, ал өлкөнүн парламентинин депутаты же мыйзам чыгаруучу бийликтеги элдин өкүлү. Депутат абдан чоң ыйгарым укуктарга ээ. Эми ошол эң жогорку ыйгарым укуктарды азыркы депутаттар каалагандай жеке кызыкчылыгына пайдаланышып, элдин байлыгын каалагандай тоноп жатышат. Мисалы, абдан көп мыйзамдар жеке парламенттеги фракция жетекчилеринин түздөн-түз кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жаткан учурлар кездешет. Башкача айтканда, фракция башчыларынын же кайсыл бир депутаттардын жеке ишканалары салыктан түздөн-түз бошотулуп жатат. Мындай көрүнүшкө өлкөдөгү дан, буудай азыктарын өндүргөн жана башка тармактагы жеке ишканалардын салыктан бошотулушун айтууга болот. Анын аркасында өлкө казнасына жылына миллиарддаган сомдор түшпөй калып жатат. Мен ойлойм, мындай көрүнүш кыргыз элине жасалган чыккынчылык. Мындан тышкары Кыргызстандын сот бийлиги бир адамга гана баш ийет. Бир адам эмне деп айтса, аткарылат. Соттор өз алдынча чечим чыгара алышпайт. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда соңку жети жылда олигархиялык, криминалдык, жоопкерчиликсиз жана процент менен байыган сүткор бийлик системасы түзүлдү.

— Президенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?

— Президенттик шайлоо таза өтпөйт. Эгер шайлоо таза өтө турган болсо анда бийлик жеңилип калат. Мамлекеттин, элдин байлыгы Акаевдин учурунда кандай уурдалса, азыр да ошондой уурдалып жатат. Башкасын жөн коёлу. Кыргызстанда ондогон кен байлыктар бар. Ошонун баарын аткаминерлер ээлеп алышкан. Маселен, ошол кен байлыктардын арасынан “Кумтөрдү” эле алалы. “Кумтөр” бул Кыргызстандагы коррупциянын туу чокусу. “Кумтөр” бул кылымдын афёрасы. Кылымда кыргыздын аткаминери эч убакта чет элдик жарандар менен биригип алып кыргыз элин, өз элин мындай тоногон эмес. “Кумтөрдө” 700 тонна алтын бар эле. 700 тонна алтын Акаевдин мезгилинде кандай уурдалса, азыр ошондон бир нече эсе көп уурдалып жатат. Тилекке каршы жаңы бийлик мындай уурулукту токтотпой өзү кошулуп кетти. Акаевдин мезгилинде акчалай эсептегенде 1 млрд 600 млн долларлык алтын казылса, ал эми Бакиевдин мезгилинде 1,5 млрд долларлык алтын казылган. 2010-жылдан бери болсо 5 млрд долларлык алтын казылган экен. Бул тууралуу “Кумтөрдү” иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын отчётунда жазылган. Бул азыркы бийликтин кыргыз элине жасаган чыккынчылыгы, кыянаттык мамилеси. Бул мамлекеттик деңгээлдеги уурулук. Эгерде, азыркы бийлик эл үчүн күйгөндө, жогорудагыдай уурулуктун жок дегенде 70%ын алып, өз өлкөсүнө калтырса болот эле. Беш миллиард доллардын жетимиш пайызы, 3,5 млрд доллар болот. Мындай суммадагы каражат Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен көп. Мындай каражатка Кыргызстандын булуң-бурчуна толук түрдө авто жол салып, жүздөгөн мектептерди куруп койсо болот эле. Мындан сырткары Кыргызстандагы бажы тармагындагы коррупциядан эле айына 12 млн доллар сол чөнтөккө кетип турат. Ал эми энергетика тармагында болсо үч жерден уурулук жасалат. Электр энергиясын 20 тыйындан сатып алышып өзүнүн элине 78 тыйындан, ишкерлерге 98 тыйындан, коңшу өлкөлөргө 1,5 сомдон сатышат. Кайра кыштын күнү алардан 5,5 сомдон сатып алат. Эсеп палатасынын отчёту боюнча мындай уурулуктан эле жылына өлкө казнасына 120 млн доллар каражат түшпөй калат. Эң жогорку бийлик башындагылардын чөнтөгүнө кетет. Бул суммадагы акча каражатына Кыргызстанда айына ондогон мектептерди салса болмок. Азыркы бийлик мына ушундай уурулуктарын, чыккынчылык аракеттерин жашыруу үчүн өз элине, эркин массалык маалымат каражаттарына кысымды күчөтүп жатат. Ошол эле мезгилде биз коррупция менен күрөшүп жатабыз деп элди, коомчулукту көз көрүнөө алдап жатышат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: