2017-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясына Стивен Фредерик Сигал келди. Бул туурасында ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз милициясынын биринчи генерал-майору Э. Алиевдин эстелигине гүлчамбар койду. Алгач окуу имараты жана музей менен таанышып чыкты.
ИИМдин Э.А.Алиев атындагы музейинде генералдын мундири жана күжүрмөн кылычы анын көңүлүн бурду. Ошондой С.Сигалга криминалдык полигондо табылган курал-жактардын топтому кызыгуу жаратты.
Өздүк курам менен жолугушуу учурунда өзүнүн өмүр баянын, анын ичинде Луизиана полиция кызматында шерифтин жардамчысы болуп иштегендигин, азыркы учурда полициянын резервинде тураарын, кесиптештерине күжүрмөн даярдык боюнча машыгууларды өткөрүп келгенин жана атайын операцияларда катышканын айтып кетти. Ошондой эле ал бүгүн кечинде Айкидо федерациясында мастер класс өтмөкчү.
Офицерлер жана курсанттар анын полициядагы ишмердүүлүгү боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти. Өз кезегинде С.Сигал полиция кызматкери биринчи кезекте коомчулукка жана элге кызмат кылып, дайыма мыйзамды коргош керек деди.
Иш-чаранын соңунда ИИМдин Академиясынын ардактуу коногу китебине каалоо-тилектерин жазып, кызматкерлер жана курсанттар менен эстеликке сүрөткө түштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ