«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, борбор калаанын көчөлөрүн жана кичи райондорду жарыктандыруу иштери уланууда. Учурда эски чырактарды жаңы светодиоддук чырактарга алмаштыруу иштери, ошондой эле электр өткөрүүчү линияларды жаңыртуу иштери жүрүүдө.
«Бишкексвет» ишканасынын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 4 миңге жакын чырак орнотууну пландоодо. Учурда 174 көчөнүн ичинен 22синде чырактарды орнотуу иштери толугу менен бүткөн. Ал эми экинчи жарым жылдыкта 3 миң чырак орнотулат. Ошондой эле Садырбаев көчөсүнүн, Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жарыктарды орнотуу иштери аяктоо алдында турат.
Учурда 2018-жылдын пландык-өндүрүштүк программасына ылайык, Дубосеков, Адыр, Набережный, Дзержинский, Сары-Челек, Койбагаров, Бакаев, Некрасов, Т. Фрунзе, Псковская/Поваринская көчөлөрүнө жана «Ак-Өргө» жаңы конушунун көчөсүнө, Жайыл Баатыр, Чортеков, Рязанский, Славянский, Куликовский, Будённый, Салиева жана Айтиев жана Рабочая көчөлөрүнө жалпы 944 светодиоддук чырактар орнотулду. №6 жана 7 кичи райондорунда жана Осмонкул, Лев Толстой, Тыналиев көчөлөүнө 188 светодиоддук чырактарды орнотуу иштери жүрүүдө.
Булак: Экономика
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ