Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы Бишкектеги коомдук транспорттордун мыктыларын аныкташты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-декабрь күнү билдирди.
“Мыктыларды тандоо оңойго турган жок. Биз унаалардын линияга чыгышынан баштап, жарандардын арыздарын, социалдык тармактардагы кайрылууларын дагы карадык. Ошондой эле унаалардын тазалыгы дагы эске алынды” – деп айтылат билдирүүдө.
Жыйынтыгында 2019-жылдын мыкты коомдук транспорту деп “Байзак Аска” компаниясынын №148, 258 жана 248 маршруттук таксилери табылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкек шаарында жүргүнчү ташуучу 44 фирма иштейт. Алар 144 коомдук транспорттун жүрүшүн көзөмөлдөйт.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ