Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бүгүнкү күндө Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Тажикстандын социалдык жана экономикалык жааттагы жетишкен олуттуу ийгиликтери өзгөчө кубандырат. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосундагы чыныгы достук жана ынак коңшулук мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: