Menu

Милиция кызматкерлери баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн төрт фактынын бетин ачышты

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери тарабынан республика аймагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү фактысын ачыктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө эс алуу күндөрү 4 факты катталган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Аксуу районундагы Боз-Учук милициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери 40 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашкан. Милиция кызматкерлерине жогорудагы жарандын баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экени жөнүндө ыкчам маалымат келип түшүп, шектүү Аксуу районунун көчөлөрүнүн биринен кармалып, текшерүү учурунда жанынан баңгизаты табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен 200 грамм салмагындагы марихуана экени аныкталган.

Ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун ички иштер органынын кызматкерлери баңгилик каражатты мыйзамсыз сактоо фактысын ачыктады. Келип түшкөн маалыматты текшерүү маалында милиция кызматкерлери Бакай-Ата районунда жайгашкан талаадан шектүү жаранды кармашкан. Колунда баштыгы бар жаран милиция кызматкерлерин көрөөр замат качканга аракет кылган. Кармалган жаран 1980-жылы туулган мурда соттолбогон жергиликтүү тургун болуп чыккан. Текшерүү маалында шектүүдөн 215 граммды түзгөн “марихуана” баңгизаты алынды. Кармалган жаран алынган баңгизатты жеке колдонууга даярдаганын түшүндүргөн.

Кыргыз Республикасын ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май районунун көчөлөрүнүн биринен 58 жаштагы Чуй облусунун жашоочусун кармаган. Шектүүнү текшерүү учурунда шымынын чөнтөгүнөн полиэтилин баштыгына оролгон катуу затты табышкан.

Алынган зат 137 граммды түзүп, гашиш баңгизаты экенин экспертиздан далилденген.

Ушундай эле, милиция кызматкерлери Жүмгал районунан “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушуп, салонунан жалпы салмагы 400 граммды түзгөн марихуна баңгизатын табышкан. Ошол жерден автоунаанын ичиндеги эки жаран кармалган.

Эс алуу кундөрү милиция кызматкерлери тарабынан алынган баңгизаттарынын жалпы салмагы 952 граммды түзгөн.
Жогорудагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесине (ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын, эске таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, өткөрүү, пайдалануу, ташуу же жөнөтүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: