Menu

Өзбекстанда пахта теримде балдар эмгегин колдонууга расмий түрдө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Өзбекстан балдар эмгегине тыюу салган Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясын ратификациялады. Бул туурасында жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Эми балдардын укугу бузулган учурда жарандар тиешелүү мекемелерге телефон чалып арыздана алышат. Конвенциянын нормаларына ылайык, 18 жашка толо электерди ден соолукка зыян келтирүүчү жумуштарда мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат. Алардын тизмесине пахтаны кол менен сугаруу жана терүү дагы кирет.

Бул арада Хьюман Райтс Вотч уюмунун 2016-жылдагы баяндамасына ылайык, чоңдорду күч менен пахта талааларында иштетүү кеңири тараган бойдон калууда. Мугалимдер, дарыгерлер жана мамлекеттик кызматкерлер ак алтын жыйноого мажбур. Баш тартышса бийлик аларды жумуштан боштуп же айлык акыларын, жөлөк пул жана пенсияларын кесип салуу менен коркутат. HRW эсебинде, ар күздө пахта теримге 2 миллиондон ашуун чоңдор жана окуучулар чыгышат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: