“Бийлик Конституцияга өзгөртүүлөр боюнча талкууларды бүтүрдүк, эми кабыл алабыз деп жатышат. Кайсы жерлерде, канча жолу талкуу болду? Канча киши пикирлерин, сунуштарын айтты? Стенограммалары барбы? Ал сунуш-пикирлерди кайсы эксперттер иргеп тандап алды? Ал эксперттердин компетенттүүлүгү кандай? Аларга ким полномочие берди? деп сурасак жооп бере алышпайт. Өздөрү талкууга чакырсак келишпейт ”, – деп билдирди укук коргоочу Рита Карасартова бүгүн, 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өтүп жаткан Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” атту форумда.
“Мына бүгүнкү талкууга да демилгечилерден 28 депутат чакырылган болчу, бирок бирөөсү да келген жок. Анан алар кимдер менен талкуу өткөрүп жатышат? СДПКнын лидери Иса Өмүркуловду чакырсак “мен алыста, чет жакта болом” деп койгон, азыр парламентте кокустан жолугуп калдык, калпы чыгып, уят болду”, – деди Рита Карсартова.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ