Өлкөдө дары-дармектердин кымбатташы чек аралардын жабылышынан жана импорттун чектөөлөрүнөн улам болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бүгүнкү күндө Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин атайын инспекциясы фармацевтикалык компанияларга карата көзөмөл жүргүзүп жатат.
“Дары-дармектин баасынын кымбатташы бардык чек аранын жабылышына, аларды алып келүүгө мүмкүнчүлүктөр чектелип жатканына байланыштуу болуп жатат. Ошентсе дагы, дарынын баасын өтө кымбаттатып жибергендерге чара көрүлөт” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ