2018-жылдын 28-февраль күнү саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында көлөмү 720м3 кар көчкү түшүп, унаа жол каттамы убактылуу жабылган.
Жабыркагандар жок.
Кар көчкүнү тазалоо үчүн №23 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 1 МДК МАЗ 242 тартылган.
Тартылган техникалардын жардамы менен унаа жолу кар көчкүдөн өз убагында тазаланып, саат 15:30да жол каттамы толук ачылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ