Menu

Казакстанда сегиз абак жабылып, 34 млн. доллар үнөмдөлөт

Бөлүшүү:

Казакстан бийлиги өлкөдөгү сегиз абакты жабууга ниеттенип жатат. Муну менен өлкө жылына 12 миллиард теңге (34,5 миллион доллар) үнөмдөй турганы айтылууда.

Расмий түрдө түрмөлөрдү жабуу бюджеттеги көйгөйлөр менен эмес, 31-июлда өлкөдө жазык-процессуалдык кодексти гумандаштырууга багытталган жаңы мыйзамдын күчүнө кирип жатканы менен түшүндүрүлүүдө.

Мыйзам камактагы беш миң адамга тиешелүү болот. Алардын көбү экономикалык жана коррупциялык кылмыштар үчүн соттолуп, бирок келтирилген чыгымдын 80% чейинкисин төлөп бергендер.

«Аларды эч ким бошотпойт. Келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин жатак абагына которуу пландалып жатат. Алар жаза мөөнөтүн ошол жакта өтөшөт. Болгону биз аларды башка кылмышкерлерден обочо кармайбыз. Ошол эле маалда алардын шарттары башкалардыкындай эле болот, күн сайын иштеп, колонияларда болушат», — деди Казакстан башкы прокурорунун орун басары Марат Ахметжанов.

Кылмыш саясатын гумандаштыруу тууралуу жаңы мыйзамда Казакстанда коом үчүн коркунуч жараткан гана адамдар камакта болушу керектиги жазылган. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, кылмыш жасаган калган адамдар абактарда отурбастан, коомго пайда алып келиши керек. Мыйзам быйыл күчүнө киргенден кийин камактагы миңден ашык кишини коомдук жумуштарга тартуу пландалууда.

Жаңы мыйзамга ылайык, ошондой эле коррупциялык кылмыштар үчүн айыппул өлчөмү азайтылып, айрым беренелер боюнча соттолгондор камак мөөнөтүнөн кутула алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: