Кечээ, 28-июлда Армениянын экс-президенти Роберт Кочарян эки айга камакка алынды. Армениянын мурунку президенти Роберт Кочарян 10 адамдын өлүмүнө жана 250 адамдын жаракат алуусуна алып келген 2008-жылдын 1-мартындагы каршылык акциясын күч менен басууга айыпталууда. Армениянын атайын тергөө кызматы бейшембиде Кочарян конституциялык түзүмдү бузууга күнөөлөнүп жатканын билдирген.
2008-жылдын 1-мартында жоокерлер жана полициячылар тарабынан куулган демонстранттар президенттик шайлоодогу көз боёомоочулуктарга каршы чыгышкан. 1998-2008-жылдары 10 жыл президенттик кылган Кочарян өз талапкерлигин коё алган эмес, бирок ал колдогон саясатчы – Серж Саргсян добуштарды сатып алуу, бюллетендерди жапырт таштоого шектелгенине карабай, жеңүүчү деп табылган.
Саргсян Арменияны 2008-2018-жылдары 10 жыл башкарган. Кийинчерээк ал бийлигин бекемдеп, быйыл реформалардын алкагында премьер-министр болгон. Бирок алты күнгө созулган элдин нааразылыгынан улам өкмөт башчылыгынан кеткен.
Роберт Кочарян өзү болсо айыптоолор чындыкка дал келбей турганын жана бул саясий куугунтуктоо экенин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ