Кырдаал калыбына келгенден кийин дарыгерлердин эмгеги бааланат. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков онлайн-маалымат жыйында билдирди.
Учурда дарыгерлер күн-түн дебей, таажывирус илдети менен күрөшүп жатышат.
“Мен биздин медицина кызматкерлерине абдан ыраазымын. Баары бүтүп кырдаал калыбына келгенден кийин, биздин дарыгерлер министрлик жана өкмөт тарабынан албетте сыйланат”, – деп билдирди.
Бүгүн, 21-мартта өлкөдө таажывирус илдетин дагы 6 адам жуктурганы аныкталган. Жалпы вирус менен жабыркагандардын саны 12 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ